Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Автор

17-апрелден 21-апрелге чейинки аралыкта Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мындай иштер Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында жана темир жолдун Боом капчыгайындагы 3886-чакырымында жүргүзүлөт.

 

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин иш күндүзгү сааттарда саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

 

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткен облусунда 80ге жакын үй курулуп бүтө элек

Баткен облусунда 80ге жакын үй курулуп бүтө элек. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясы 2022-жылдын сентябрындагы чек ара урушунда талкаланган үйлөрдү куруу, Баткен районунун аймагындагы инфраструктуралык объектилерди реконструкциялоо жана социалдык объектилерди оңдоо маселесин каралып жатканда белгилүү болду. Жыйында мамкурулуштун директорунун орун басары Азирет Акимов  учурда Баткен облусунда 417 үй курулуп […]

Сизге жагышы мүмкүн