reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0976 % % 0.64
EURO 21,6032 % % 0.91
GRAM ALTIN 1.255,84 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.053,30 % % 0,47
BITCOIN 27.684,11 % 1.299
Соңку кабар
reklam
Google News

Тажикстандын кол салууда  жабыркагандардын 36,4 млн сом карызы жоюлду

Son Güncelleme :

16 мая 2023 - 9:53

reklam
Тажикстандын кол салууда  жабыркагандардын 36,4 млн сом карызы жоюлду
reklam

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу учурунда жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган жарандардын  36,4 млн сом карызы жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымат берди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-апрелине карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары – ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган, 36,4 млн сом суммасында 378 кредит жоюлупган, 324,3 млн сом суммасында 230 насыя реструктуризацияланган.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына кол салуу менен куралдуу кол салган.

Аскердик басып алуунун натыйжасында 63 адам, анын ичинде аскер кызматкерлери, жай тургундар жана балдар курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу турак-жайлар талкаланып, зыянга учураган.

reklam