Сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү

Автор

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына таянсак, 20-22-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Сел коркунучуна байланыштуу, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Кесиптик лицейлер ижарага берилеби?

Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик лицейлерди жеке секторго ижарага берүүнү пландап жатат. Бул боюнча министрдин орун басары Расул Авазбек уулу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, министрлик ижарага берүүдө киреше алып келүү жагын карайт. Бирок, жеке менчикке мыйзамдын алкагында гана берилет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн