Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравияга барат

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Сауд Аравия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында мамлекет башчысы Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам Саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда”, — деди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Израиль менен Хамас барымтадагыларды алмаштырууну макулдашты

Израиль бийликтери менен палестиналык Хамас кыймылы барымтадагыларды алмашуу боюнча макулдашууга жетишти. «Барымтадагыларды алмашуу боюнча бир нече күнгө созулган чыңалган сүйлөшүүлөрдөн кийин Хамас менен Израиль макулдашууга жетишти. Маалымат булактары кыймылдын колунда турган 100 израилдик аялдар менен балдардын ордуна палестиналык аялдарды жана балдарды бошотуу келишимин ырасташты», – деп айтылат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн