Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито менен жолугушту

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн Япониянын борбор шаарына болгон расмий сапарынын алкагында император Нарухито жана императрица Масако менен жолугушту.

Император жана императрица Кыргызстандын президенти жана биринчи айымы менен саламдашып жатып, Садыр Жапаровдун Японияга болгон сапары кыргыз-япон эки тараптуу мамилелеринин бүтүндөй комплексине оң таасирин тийгизет деген үмүтүн билдиришти.

Садыр Жапаров алардын меймандостугуна ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстан үчүн өзүнүн бай тарыхый салты жана байыркы маданияты менен достук мамиледеги өлкө экендигин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров императорго терең урмат-сыйын билдирип, «РЭЙВА» жаңы доорунда түбөлүк гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.

Андан кийин президент Садыр Жапаровдун жана анын жубайы Айгүл Жапарованын урматына император Нарухито менен императрица Масаконун атынан кабыл алуу болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кызылча оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча (корь) оорусуна чалдыккандар 4098 болду. Бул тууралуу 16-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, калкы дээрлик 20 миллион коңшу Казакстанда бул илдетке чалдыккандар 13 миң болду, ал эми калкы 35 миллиондук Өзбекстанда болгону 164 бейтап катталды. Кыргызстанда кызылча менен ооругандардын эң көбү Бишкекте, Чүйдө […]

Сизге жагышы мүмкүн