Россия Украина боюнча ортомчулардын сунуштарын изилдөөгө даярдыгын билдирди

Автор

Россия Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн мүмкүн болгон ортомчуларынын бейтарап жана конструктивдүү сунуштарын кароого даяр. Мындай билдирүүнү Россиянын Венадагы элчиси Дмитрий Любинский билдирди.
Анын айтымында, Москва мүмкүн болгон ортомчулардын бардык чынчыл, олуттуу, бейтарап, терең ойлонулган жана конструктивдүү сунуштарын кароого даяр экенин баса белгиледи. Любинский Кытайдын сунуштарында мындай идеялар көп экенин кошумчалады.
Дипломат Россия Түркиянын бул багыттагы аракетин жогору баалай турганын белгилеп, «дан келишимин» мисал келтирди. Ошондой эле Африка өлкөлөрүнүн жана Ватикандын тынчтык демилгелерин эске салды.
Өз кезегинде Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михайло Подоляк Индонезиянын, Бразилиянын жана Африка өлкөлөрүнүн тынчтык демилгелери Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей турганын айтты. Подоляктын айтымында, сүйлөшүү процессин баштоо үчүн орус аскерлери чыгып кетиши керек.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Жанар Акаев, ЖК депутаты: "Асман шаарын коё туруп, Бишкек шаарын оңдоп албайлыбы?"

Белгилүү оппозициялык депутат Жанар Акаев Бишкек чоң кыштакка айланып баратканын айтып, Асман шаарын коё туруп, Бишкекти оңдоп алууга чакырды. “Азыр Бишкек шаарын туташ проблемалар каптады. Жайында суу жок, кышында ыш, жолдорубуз болсо, эскирди. Жаңы конуштардын абалы абдан начар. Мектеп жана балдар бакчасы жетишпейт. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводко акча бөлүнгөнү менен […]

Сизге жагышы мүмкүн