Россия жарандык алууну жеңилдетет

Автор

15-декабрдан тарта кесиптердин жаңы тизмеси күчүнө кирет. Анын ээлери Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала алышат. Бул тууралуу РУДН университетинин экономика факультетинин доценти Андрей Гиринский билдирди.
Ал өзгөртүүлөр Эмгек министрлиги тарабынан бир катар кесиптер боюнча кадрлардын жетишсиздигин жоюу максатында киргизилгендигин белгиледи.  Тизме мугалим, дарыгер, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын жумушчусу, геологиялык чалгындоо, курулуш жана өндүрүш тармагындагы инженер адис сыяктуу кесиптер менен толукталды.  Жаңыланган тизмеде IT адистери бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Тууну өзгөртүүгө бюджеттен эч кандай каражат кетпейт

Бүгүн, 29-ноябрда парламенттин жалпы жыйыны тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Төрага Нурлан Шакиев билдиргендей, эгер туу өзгөрсө, болгону 150дөй туу жаңыланат. Ага 32 өлкөдөгү элчиликтердин туусу, БУУдагы жана мамлекеттик мекемелерде илинип турган туулар кирет. Тууну өзгөртүүгө бюджеттен  эч кандай акча кетпейт. Мунун чыгымын төлөп берүүчү демөөрчүлөр да бар. […]

Сизге жагышы мүмкүн