reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 23,3638 % % 0.45
EURO 25,3850 % % 1.62
GRAM ALTIN 1.472,85 % % 1,51
ÇEYREK A. 2.408,10 % % 1,51
BITCOIN 622.344 % 0.323
Соңку кабар
reklam
Google News

Россиянын президенти жаңы Тышкы саясат концепциясын бекитти

Son Güncelleme :

01 апреля 2023 - 11:00

reklam
Россиянын президенти жаңы Тышкы саясат концепциясын бекитти
reklam

Россиянын президенти Владимир Путин Россия Федерациясынын жаңы Тышкы саясат концепциясын бекитти.
Документ өлкөнүн эл аралык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт. Россиянын Тышкы иштер жана башка министрликтер жана ведомстволор үчүн жол картасы болот.
Жаңыртылган Концепциянын негизги жоболору: Россия өзүн Батыштын душманы деп эсептебейт жана андан өзүн обочолонбойт. Батыштын тирешүүнүн пайдасыздыгын түшүнүүсүнө жана тең укуктуу өз ара аракеттенүүгө кайтып келээрине ишенет.
Москва АКШнын курсун өзүнүн коопсуздугу жана эл аралык тынчтык үчүн коркунучтун негизги булагы катары карайт. АКШнын дүйнөдөгү үстөмдүгүнүн калдыктарын жок кылууга артыкчылык берилет. Кытай жана Индия менен байланыштарды жана координацияларды ар тараптан тереңдеткиси келет. Жакынкы чет мамлекеттердеги негизги максат — аймакты тынчтыктын, жакшы коңшулаштыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн аймагына айландыруу.

reklam