reklam
reklam
hava 21° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 745.307 % -0.124
Соңку кабар
reklam
Google News

Путин учкучсуз учактардын Москвага чабуулун теракт деп атады

Son Güncelleme :

31 мая 2023 - 10:42

reklam
Путин учкучсуз учактардын Москвага чабуулун теракт деп  атады
reklam

Россиянын президенти Владимир Путин Москвага учкучсуз учактын чабуулу орус куралдуу күчтөрүнүн Украинанын аскердик чалгындоо штабына жасаган соккусуна жооп болгонун айтты.
«Биз буга чейин чечим кабыл алуу борборлоруна каршы сокку уруу мүмкүндүгү тууралуу сүйлөшкөнбүз. Албетте, эки-үч күн мурда кол салууга кабылган Украинанын аскердик чалгындоо штабы да ушул категорияга кирет. Буга жооп кылып Киев режими орус жарандарын коркутуп-үркүтүү жана турак жайларга кол салуу жолун тандап алды”,-деди Владимир Путин экономика боюнча көргөзмөдө.
«Москванын абадан коргонуу системасы канааттандырарлык иштеди»,-деген президент бийлик борбордун абадан коргонуусун жакшыртаарын кошумчалады.
Ошондой эле Путин украиналык учкучсуз учактардын Москвага чабуулун теракт деп билдирди. Ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнөн айырмаланып, орус аскерлери аскердик инфраструктура объектилерине жогорку тактыктагы соккуларды берерин баса белгиледи.

 

reklam