Улутун шылдыңдады делген Айнура Жоробековага чара көрүлөт

Wp Pw
0 0
Read Time:58 Second

“Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынып жаткан учурда тил маселеси боюнча бир окуяга көңүлүңүздөрдү бурам”,- деп билдирди депутат Камила Талиева. “Эл аралык форумга барып, өзүнүн элин, тилин келекелеген, шылдыңдаган, болгондо да окумуштуу, профессор, тарых илимдеринин кандидаты Айнура Жоробекова деген Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы. Ал Эл аралык форумда өзүнүн тилин шылдың кылып келди. Сөзмө сөз окуп берсем. Анда мындай дейт

Айнура Жоробекова: “Борбор Азия боюнча жооп бере албайм. Бирок, бизде орус тили расмий тил катары башмыйзамда жазылган. Кыргызстандын аймагынын 90 пайызына спутник таркайт. Кыргыз жана орус тилдеринде сабак берген мектептер дээрлик тең чамалуу. Улуттук крокодилдердин каалоосуна каршы Жогорку окуу жайларда окутуу орус тилинде жүргүзүлүп келет”.

Камила Талиева: “Мен билим берүү министрлигине кайрылам. Улуттук крокодилдерди Нарын дарыясынан эмес өзүбүздүн окуу жайлардан издеңиз. Бул эжекенин ою боюнча улуту үчүн күйгөндөр крокодилдер экен. Мындай окмуштуулар окуу жайларда иштебеши жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек”.

Камила Талиеванын кайрылуусуна спикер мындайча жооп берди:

Нурлан Шакиев, ЖК төрагасы: “Мен тышкы иштер министри менен сүйлөшүп, тапшырма бердим. Териштирип, чара көрүңүз дедим. Ал чоң жоопкерчиликке тартылышы керек. Анын айткан, дегени кечирилгис. Башкаларга сабак болушу үчүн да, бул  жазаланышы керек. Бул кыргыз элин мазактоо болуп эсептелинет, биз ага эч качан жол бербейбиз”.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Эртең Бишкекте «Бактылуу балалык» республикалык фестивалы өтөт

Эртең, 1-июнда, “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Бактылуу балалык – Счастливое детство» республикалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, иш-чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышып, көргөзмөдөгү балдардын чыгармачылыгы жана мастер-класстардын […]