Путин: Россия өзөктүк согушка даяр

Автор

Аскердик-техникалык көз караштан алганда, Россия өзөктүк согушка даяр экенин президент Владимир Путин РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
Россия чындап эле өзөктүк согушка даярбы деген суроого «Аскердик-техникалык көз караштан алганда Россия өзөктүк согушка даяр. Албетте, даярбыз. Бизде алар [өзөктүк ракеталар] тынымсыз согуштук даярдыкта»,-деп жооп берди Путин.
«Биздин өзүбүздүн принциптерибиз бар. Эгерде орус мамлекетинин бар болушу, эгемендигибизге зыян келтире турган жагдайлар жөнүндө сөз болсо куралды, анын ичинде ар кандай куралдарды, сиз айткан куралдарды да колдонууга даярбыз. Биз үчүн бардыгы Стратегиябызда жазылган. Биз аны өзгөрткөн жокпуз”,-деп кошумчалады Путин.
Анын айтымында, АКШ өзөктүк сыноолорду өткөрсө, Россия да ошондой кылышы мүмкүн.
Мамлекет башчысы ошондой эле Украинада Батыш аскерлеринин болушу темасына токтолуп, эгер АКШ ал жакка өз күчтөрүн жөнөтүүнү чечсе, анда Россия мындай кадамды баалай турганын, интервенция катары эсептелерин белгиледи.
«Мен Байден – адам, салттуу саясий мектептин өкүлү экенин айттым жана бул тастыкталды. Ал жерде Байденден башка орус-америка мамилелери жаатында көптөгөн адистер бар. Ошондуктан, мен бул жерде баары шашып жатат деп ойлобойм, бирок биз буга даярбыз»,-деп жыйынтыктады Путин.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлообек Атазов өзү жөнүндө айтылган ушактарга жооп берди

Шайлообек Атазов жалган маалымат тараткандарды жүзү каралар деп атап, айрым саясатчыларга да жооп кайтарды. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-мартта парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Атазов Башкы прокурор Курманкул Зулушевди издөөдө жүргөн Раимбек Матраимовдун досу экенин айтып, “убагында Раимбек Исмаиловичке уча тартып эле жүргөн. 3 жылдан бери эмне иш аткарды? Парламентке келип, […]

Сизге жагышы мүмкүн