reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

Прокурорлор менен сотторго төлөнгөн каражатка эл нааразы

Son Güncelleme :

16 мая 2023 - 10:12

reklam
Прокурорлор менен сотторго төлөнгөн каражатка эл нааразы
reklam

«Прокурорлорго орточо кызмат акысынын эсебинен бир жолку айлык  өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Мындай маалыматты башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева парламенттеги комитет жыйынында билдирди. Мындан улам Чаткал районунун көз жумган судьясына 21 млн 699 миң сом төлөнүп берилет. Прокурор айымдын мындай маалыматы депутаттарды дүргүттү. Надира Нарматова «муну угуп алып, прокурор болуп өлгүң келет го»,- деп билдирсе, Камила Талиева болсо, муну элдин акчасын чачуу катары баалап, тезинен мыйзамды өзгөртүү керек экенин сунуштады. Ал эми соттор бир жылдык айлык акыны алып, андан кийин пенсияга чыгаары белгилүү болду.

Коомчулук прокурор менен сотторго төлөнгөн ашыкча каражаттар боюнча өлкө жетекчилерине кайрылышып, элдин ишениминен кеткен фемида өкүлдөрүнүн каражаттарын чектөө сунушун киргизишүүдө.

reklam