Президент Ысык-Көлдү таза кармоого чакырды

Wp Pw

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдү тазалап, 3.700 кг таштанды, 47.000 метр тор алып чыккандан кийин Президент элге кайрылуу жасады. Ал эки айдан бери ӨКМнин кызматкерлери Ысык-Көлдү тазалап бүтө албай жатканын айткан.

“Неге мынча кайдыгербиз? Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. Тазалыкты сактоону суранам. Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр”,- деген.

Президент ФБ баракчасы аркылуу кайрылууда таза болууга жана көлдү тазалаган кызматкерлердин эмгегин сыйлоого чакырды.

Next Post

Депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алды

Бүгүн, 3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын сунушу менен акыйкатчы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматованы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды. Аталган сунушту Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап, колдогон. Жыйынтыгында Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушу добушка коюлуп аны 50 депутат […]