Президент күнүндө Назарбаевдин жаңы китеби жарык көрдү

Автор

1-декабрда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин «Менин жашоом. Көз карандылыктан эркиндикке» аталышындагы китеби жарыкка чыкты.
Китепте экс-президенттин жашоосунун саясий да, жеке жактары да чагылдырылган. Назарбаев өзүнүн эскерүүсүндө экинчи аялы жана эки уулу бар экенин моюнга алган.
2012-жылдан бери 1-декабрь Казакстанда майрам же Биринчи Президенттин күнү катары белгиленип келет. Буга чейин бул күнү мамлекеттик майрам статусуна ээ болуп, эс алышкан. Өткөн жылы президент Касым-Жомарт Токаев мыйзамдык түзөтүүгө кол койгон, ага ылайык бул дата статусун өзгөрткөн. 1-декабрдагы эс алуу күнү жокко чыгарылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Тууну өзгөртүүгө каршы митинг болот

9-декабрда саат 11:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген Кыргыз Республикасынын желегинин өзгөрүүсүнө каршы чогулуш Максим Горький сейил багында өтөт. Бул боюнча коомдук активист Автандил Жоробеков өздүк баракчасына жазды. Ал “артка жол жок, өзүм баштап берем”,-деген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн