Президент дарактарды паспорттоштуруу боюнча жарлыкка кол койду

Автор

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги бак-дарактарды паспорттоштуруу боюнча жарлыкка кол койду.  Демилге жалпы улуттук “Яшил Макон” долбоорунун алкагында эксперимент катары ишке ашырылат.
Биринчи этап 2024-жылдын 1-мартына чейин. Анда -бак-дарактарды толук инвентаризациялоо каралган.
Экинчи этап 2024-жылдын 1-ноябрына чейин. Анда  аныкталган бак-дарактардын түрүн, жашын, бийиктигин, абалын жана жайгашуу координаттарын чагылдырган маалымат базасы түзүлөт.
Үчүнчү этап 2024-жылдын 31-декабрына чейин. “Яшил Макон” электрондук платформасында маалымат базасынын, ар бир дарактын паспортторун жана ID номерин ыйгаруу негизинде калыптандыруу.
Эксперименттин жыйынтыгында республиканын башка аймактарында бак-дарак паспортторун киргизүү пландалат.

Бөлүшүү:
Next Post

 Сауд Арабияда Криштиану Роналду музейи ачылды

Сауд Арабиясында “Аль-Наср” жана Португалия курама командасынын футболчусу Криштиану Роналдуга арналган музей ачылды. Музейде атактуу футболчунун жеке сыйлыктары жана Роналду жеңген командалык кубоктордун көчүрмөлөрүнөн тышкары, футболчунун мом фигурасы коюлган. “Бул менин Мадейрадан Сауд Арабияга чейинки менен окуям. Менин CR7 музейим азыр Эр-Риядда ачылды”, — деп жазды фейсбук социалдык тармактарына Португалиялык […]

Сизге жагышы мүмкүн