reklam
reklam
hava 22° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 23,3743 % % 0.5
EURO 25,4507 % % 1.95
GRAM ALTIN 1.480,17 % % 2,01
ÇEYREK A. 2.420,08 % % 2,01
BITCOIN 626.238 % 0.62
Соңку кабар
reklam
Google News

Президентке күчүк белек кылышты

Son Güncelleme :

23 марта 2023 - 9:17

reklam
Президентке күчүк белек кылышты
reklam

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нооруз майрамында Астанадагы иттердин көргөзмөсүнө барды. Көргөзмөнүн жүрүшүндө таза кандуу иттерди багуучу Анна Захарова президентке Наурыз аттуу күчүк белек кылды.
Улуттук аңчылык клубу Nomad коомдук фондунун төрагасы Болат Кунанбаев мамлекет башчысына иттердин улуттук жана сейрек кездешүүчү породаларын калыбына келтирүү жана көбөйтүү иштери тууралуу айтып берди.
Токаев Тазы тегиндеги иттерди эл аралык деңгээлде таанытуу маанилүү экенин белгиледи.
«Бул казактарда жети байлыктын бири катары эсептелген. Тазы жана төбет породаларын эл аралык аренада таанытуубуз керек. Бул ишке Тышкы иштер министрлиги да тартылышы керек. Бул өзгөчө кылдаттык менен көңүл бурууну талап кылат жана бул маселеде кесипкөй мамиле маанилүү. Бул үчүн атайын мыйзам кабыл алганбыз»,-деди президент.

reklam