Полиция экс-президент камакка алынса боло турган тополоңго даярданууда

Автор

АКШнын ири шаарларында полиция экс-президент Дональд Трамп камакка алынса, боло турган тополоңго даярданууда. Анын тарапкерлери 2021-жылдын 6-январында Капитолийге кол салгандан кийин, бийлик сактык чараларын көрүүнү чечишти.
Трамп өзү айткандай, мурдагы актриса Сторми Дэниэлc боюнча айып тагылышы мүмкүн. Бул ишти Нью-Йорк штатынын прокуратурасы карайт.
Трамп “Truth Social” баракчасында 21-мартта камакка алынаарын айтып, тарапкерлерин аны коргоо үчүн митингге чыгууга үндөдү. Прокуратуранын жана соттун имаратынын жанына укук коргоо кызматкерлери темир тосмолор орнотушту. Эгер Трамп камакка алынса, дал ушул имаратта ага расмий айып тагылып, манжа издери алынып, сүрөткө тартылат.

Бөлүшүү:
Next Post

"Келин таш" тасмасы Эл аралык фестивалда мыкты деп табылды

Кыргызстандык режиссер Гүзел Дүйшөнкулованын “Келин таш” тасмасы Дубайда өткөн эл аралык фестивалда мыкты деп табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, тасма тогузунчу “WOW Film Festival” эл аралык кинофестивалынын конкурстук программасында көрсөтүлгөн. Эске сала кетсек, “Келин таш” ушул жылдын февралында Лос-Анджелестеги кинофестивалда эки сыйлыкка татыган: “Эң мыкты […]

Сизге жагышы мүмкүн