Париж-2024: Олимпиада ачылышында ким ырдайт?

Автор

2024-жылкы Париж Олимпиадага катыша турган ырчынын тандоосуна байланыштуу талаш чыкты. Учурдагы Олимпиада ачылышында Айя Накамураны тандоосу Францияда ызы-чуу жаратууда.
Париждин чет жакаларында чоңойгон Айя чыгармачылыгында француз тили менен араб, англис жана африкалык диалектилерди аралаштырып колдонот.
Кээ бир сынчылар анын музыкасы Франциянын маданий имиджин чагылдырбайт деп айтышкан. Интернетте ырчынын дарегине айтылган бир катар расисттик билдирүүлөр пайда болду. Париждин прокуратурасы иликтөө иштерин баштады.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШда көпүрөнүн урашынан алты адам көз жумду

Мэриленд штатындагы Балтимор аймагында Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсүнүн кыйрашы алты адамдын өмүрүн алганы болжолдонууда. Бул тууралуу NBC News “Brawner Builders” курулуш компаниясынын аткаруучу вице-президенти Джеффри Прицкерге шилтеме берүү менен кабарлады. Прицкердин айтымында, бир адам куткарылды. Патапско дарыясынын үстүндөгү Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсү 26-мартта ураган. Сингапурдун желеги тагылган жүк ташуучу кеме көпүрөнү сүзгөн. Анда […]

Сизге жагышы мүмкүн