reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.198,99 % 1.907
Соңку кабар
reklam
Google News

Париж-2024: Жайкы олимпиадага канча билет сатылды?

Son Güncelleme :

30 марта 2023 - 12:17

reklam
Париж-2024: Жайкы олимпиадага канча билет сатылды?
reklam

2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына 3,5 миллион билет сатылды. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин (МОК) аткаруучу директору Кристоф Дуби билдирди.

«Париж Олимпиадасынын уюштуруу комитетинен эң сонун отчет алдык. Бул бизге  чоң ишенимди жаратат. Учурда мелдештерге 3,5 миллион билет сатылган, бул оң көрсөткүчтөн да көп», — деди Дуби.

«Олимпиада шаарчасы жана Медиа айылы дээрлик даяр деп ишендиришти. Ошондой эле уюштуруу комитети пиктограммаларды тартуулады, бул чындыгында абдан сонун», — деп кошумчалады Эл аралык Олимпиада комитетинин  аткаруучу директору.

Эске салсак, Париж Олимпиадасы 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өткөрүлөт.

reklam