reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.961 % 0.136
Соңку кабар
reklam
Google News

Париждин мэри Олимпиадада орустар менен белорустарды көргүсү келбейт

Son Güncelleme :

16 марта 2023 - 9:03

reklam
Париждин мэри Олимпиадада орустар менен белорустарды көргүсү келбейт
reklam

Париждин мэри Анн Идальго орусиялык жана беларусиялык спортчулардын 2024-жылкы Олимпиадага өздөрүнүн улуттук желектери астында катышуусуна жол бербөө үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын билдирди. Бул тууралуу шаар мэри «L’Equipe» журналындагы маегинде айтты.

Париждин мэри «мен Эл аралык Олимпиада комитети орустар менен белорустарды 2024-жылы Парижде өтө турган оюндарга өздөрүнүн желектери менен киргизет деп элестете албайм. Мунун алдын алуу үчүн колумдан келгендин баарын жасайм», -деди.

Буга чейин Идальго орусиялыктар менен беларустардын нейтралдуу спортчу статусуна ээ болушуна каршы чыккан. Париждин мэри Орусия менен Беларустун спортчуларын Эл аралык олимпиада комитети  атайын түзүлгөн качкындар командасынын курамында оюндарга катышууга чакырды.

reklam