Ош шаарынын экс-мэри Алмаз Мамбетовдун убагында 18 тротуар салынганы, бирок, анын бириси да кабыл алынбаганы, тротуарлар бүтпөй жатып, учурда талкаланып жатканы айтылууда. Мындан улам экс-мэрдин ишмердүүлүгүнө баа берилип тутулабы же, кутулабы деген пикирлер жаралып, шаардыктар Алмаз Мамбетовдун ишмердүүлүгүнө баа берилишин талап кылышууда. Кээ бир активдүү жарандар мурдагы мэрлердин баарын текшерип чыгуу сунушун берип жатышат. Өткөн жума шаардык прокуратура тротуарлар боюнча айрым кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду.
Кыргызстанда балдарга апасынын атын берүүгө уруксат берилди
Дүй Июл 3 , 2023
Конституциялык соттун Соттук коллегиясы 16 жашка чыккан балдар үчүн апасынын атын алууга уруксат берди. Бул тууралуу активист Алтын Капалова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Активист эми Кыргызстандын бойго жеткен ар бир жараны апасынын атын ала аларын айтты. «Жакында паспорт алганы бара турган, 16 жаштагы уулум Капалов Данияр Алтыновичти куттуктайм. Мени өзгөчө Конституциялык […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/07/1114477.2e91f1f594f01f0500be927dff372dd3.jpg)