Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү көбөйдү

Автор

Өнүктүрүү фонддору аркылуу Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү 50%га өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйында билдирди.
Кийинки жылы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы долбоорлорду каржылай баштай тургандыгын айткан министр 2023-жыл аралыгында долбоорлорду ишке ашыруу жана ишке киргизүүгө багытталган каражат Улуттук банкка которулгандыгын белгиледи.
. Муну менен катар өнүктүрүү фонддору аркылуу Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү 50%га өскөнүн айтты.
“Өткөн жылы Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду эле 60 млн доллар каржыласа, быйыл Финансы министрлигинин кепилдик институттарынын жана ири долбоорлордун аркасында инвестициянын көлөмү 150 млн доллардан ашты. Мындан тышкары, Кыргыз-орус жана Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонддору активдешип, Бириккен Араб Эмираттары менен да фонд түзүлдү”, – деп кошумчалады Амангелдиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 21-декабрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.10 сомдон болсо, сатуу 89.50 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88 сом 86 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн