Атайын аскердик операциянын жүрүшүндө Россиянын куралдуу күчтөрүнүн же аскердик түзүмдөрүндө кеминде бир жылдык мөөнөткө кызмат өтөөгө келишим түзгөн чет элдиктер, ошондой эле алардын балдары, жубайлары жана ата-энелери жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу менен орус жарандыгын ала алышат. Тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин кол койду.
Каалоочулар ички иштер министрлигинин каалаган аймактык органына кайрылса болот.
Мурда чет элдиктер үчүн минималдуу келишим мөөнөтү беш жыл болсо, Россиянын жарандыгын алуу үчүн үч жыл кызмат өтөө керек болчу. Мөөнөттү бир жылга чейин кыскартуу боюнча түзөтүүлөр 2022-жылдын сентябрында кабыл алынган.
Чемпиондор Лигасынын финалы кайрадан Стамбулда болбой калышы мүмкүн
Шей Май 16 , 2023
УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2022/23-жылкы финалын Стамбулдан башка өлкөгө көчүрүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышууда. Маалыматка ылайык, уюмду мындай чечимге түрткү болушу Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөндөн кийин боло турган нааразычылыктар экендиги айтылууда. Стамбул буга чейин эки жолу футбол боюнча Европанын негизги кубогунун финалын өткөрүү […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/uefadan-resmi-aciklama-istanbulda-gerceklesecek-sampiyonlar-ligi-finalinin-bilet-fiyatlari-belli-oldu.jpg)