Орусиядагы мушташта кыргызстандык 5 жаран жаракат алган

Автор

Россиянын укук коргоо органдары Иркутск облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын 500гө жакын жаранынын ортосундагы массалык мушташты иликтеп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Белгилей кетсек, жаңжал 2023-жылы 23-июнда Жигаловск районундагы газ кенинде чыккан.

 

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутсктагы өкүлчулүү жабыркагандар менен ыкчам байланышканда Кыргызстандын 5 жараны ар кандай оордуктагы жаракат алышканы, алардын бири ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.

 

Элчиликтин Иркутсктагы бөлүмүнүн консулу КР жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана жергиликтүү укук-коргоо органдары менен жолугушуу үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетти.

 

Белгиленгендей, аталган маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Батыш Белоруссияга кол салабы?

Беларуссиянын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин өкүлдөрү Батыштын чалгын кызматтары согушкерлерди өз өлкөсүнө куралдуу басып кирүүгө даярдап жатканын билдиришти. Беларусь Республикасынын КГБсынын башчысы Иван Тертел Беларустун ичиндеги кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттери токтобой турганын билдирди. Анын айтымында, мындай иш-аракеттерди чет элдик атайын кызматтардын кураторлорунун түздөн-түз колдоосу менен согушкерлерди даярдаган чет элдик борборлор жүргүзөт. Ошол […]

Сизге жагышы мүмкүн