Ноокатта тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Автор

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны К.Х.Т.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Аталган К.Х.Т. жабырлануучунун жеке-ачык айыптоосун колдоодон баш тарткандыгы тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан бейбаштык боюнча материалдар боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.
2024-жылдын 28-мартында УКМК кызматкерлери тарабынан КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ноокат районунун имаратынын жанында 40 000 сом пара алып жаткан жеринен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны К.Х.Т. кармалды.
Окуя болгон жерди кароонун натыйжасында, кармалган жарандын унаасынын кыймылдаткыч бөлүгүнүн салонунан пара катары арыз ээси тарабынан берилген 40 миң сом акча каражаты чүпүрөккө оролгон абалда табылган.
Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кармалган К.Х.Т. Ош шаардык сотунун чечими менен 2024-жылдын 27-майына чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионаты 2024: Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталат

Бүгүн, 13-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча беттештер башталат. Бүгүн 5 медаль топтому ойнотулат. Кыргызстандын атынан 4 балбан килемге чыгат. Алар: – 55 кг Арууке Кадырбек кызы; – 59 кг Таңчолпон Кыбалбекова; – 68 кг Гулнура Таштанбекова; – 76 кг Айпери Медет кызы. Беттештер саат 11:00 […]

Сизге жагышы мүмкүн