reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.963 % -0.364
Соңку кабар
reklam
Google News

Неймар Сауд Арабияга чакырылды

Son Güncelleme :

04 июля 2023 - 9:13

reklam
Неймар Сауд Арабияга чакырылды
reklam

Бразилиялык чабуулчу Неймар Саудиянын «Аль-Хилал» клубунан сунуш алды.  Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, бул трансфер ишке аша турган болсо футболчу 600 миллион евро таба алат.

«Аль-Хилал» ПСЖнын 31 жаштагы чабуулчусу Неймарга абдан кирешелүү келишим сунуштоого даяр. Оюнчу өзү ойлонууга убакыт алды.

Аль-Хилал Неймарга жылдык маяна 200 миллион евролук үч жылдык келишимди сунуштаган. Футболчу  макул болсо,  жалпысынан 600 миллион алат. Неймардын «Пари Сен-Жермен» менен келишими 2025-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн.

Эске салсак, 2017-жылы Неймарды «Пари Сен-Жермен» «Барселонадан» рекорддук 222 миллион еврого сатып алган. Бразилиялык футболчу  4 жолу Франциянын чемпиону, 3 жолу Кубок жана бир жолу өлкөнүн Суперкубогу жеңип алган.

reklam