Нааразылык акциясына 1 миллион адам чыкты: Мэриянын имараты өрттөлдү

Автор

23-мартта Франциянын бир нече шаарларында пенсия реформасына каршы нааразылык акциялары өттү. Демонстрацияларга бир миллиондон ашык адам катышты. Парижде 119 миңдей демонстрант көчөгө чыкты. Бордодогу демонстранттар мэриянын имаратынын эшигин өрттөштү.  Баш-аламандыктарды уюштурган демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда 150гө жакын полиция кызматкери жараат алды. Ага карабай профсоюздар тынч митингдерди улантууга чакырышты.
10-январда Франциянын премьер-министри Элизабет Борн пенсиялык реформанын долбоорун сунуштап, өлкө боюнча массалык нааразылыктарды жараткан. Массалык нааразылыктарга, иш таштоолорго карабастан10-мартта француз сенаторлору пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүү үчүн добуш беришти. 16-мартта Франциянын премьер-министри Элизабет Борн бул мыйзам кабыл алынганын расмий жарыялады.
Президент Эммануэль Макрондун шайлоо платформасына негиз болгон мыйзам долбоору өтө маанилүү делип, бийлик кайра чакыртып алгысы келбегени белгиленген.
Францияда пенсия курагы Европадагы эң төмөнкү көрсөткүчтө. Италия менен Германияда пенсия курагы 67 жаш, Улуу Британияда 66, Испанияда 65 жаш.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда "ЧВК Редан"кыймылы көбөйүп баратат

Бишкек шаардык мэриясы төртүнчү чейректен баштап, мектептерде укук бузуулардын алдын алуу боюнча укук коргоо органдары менен иш алып бараарын билдирди. Буга себеп катары, окуучулардын арасында “ЧВК Редан” кыймылына мүчө болгондор күн сайын көбөйүп жатканы көрсөтүлдү. Ошондуктан өспүрүмдөрдү окуудан кийин көзөмөлдөөнүн зарылдыгы белгиленип, керектүү учурда  мобилдик тиркемелерди орнотуу аркылуу ата – […]

Сизге жагышы мүмкүн