reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 742.658 % -0.318
Соңку кабар
reklam
Google News

Мобилизациядан улам Финляндиядан башпаанек сурашты

Son Güncelleme :

19 мая 2023 - 8:53

reklam
Мобилизациядан улам   Финляндиядан башпаанек сурашты
reklam

Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Россия Федерациясынын 1109 жараны аскердик кызматка тартылбоо максатында Финляндиядан башпаанек сураган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Финляндиянын Миграция кызматынын маалыматына таянуу менен жазып чыгышты.
Өлкө бийлиги аскер курагындагы россиялыктарга башпаанек берүү боюнча чечим кабыл ала элек.
Финляндия бул маселе боюнча Евробиримдиктин позициясынын жарыяланышын күтүп жатканы белгиленген. Негизи Түндүк Европа өлкөлөрү биргелешкен талкуулардын жыйынтыгында кандайдыр бир чараларды көрүүдөн мурун ЕБдин көрсөтмөсүн күтүүгө макул болушкан.
Россияда жарым-жартылай мобилизация 2022-жылдын 21-сентябрында жарыяланган.

reklam