Мишустин: Россия менен Кытайдын мамилеси жогорку деңгээлде

Автор

Россиянын министрлер кабинетинин башчысы Михаил Мишустин Кытайга болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Пекинде кабыл алынды. Элдик чогулуштар залында аны Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян тосуп алды.
Делегациялардын катышуусунда кеңейтилген курамдагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө өнөр жай, энергетика, транспорт жана айыл чарба маселелерине басым жасалууда.
Мишустин Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелер бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоо, эл аралык аренадагы жаңжалдын күчөшү жана Батыштын санкцияларынын кысымы менен байланышкан жаңы чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу зарылдыгын баса белгиледи.
«Биздин кытайлык досторубуз айткандай, биримдик тоолорду жылдырууга мүмкүндүк берет», – деди ал.
Пекиндеги орус-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында беш документке кол коюлганы кабарланды.
Дан жана дары-дармек, чийки заттарга карата талаптар боюнча протоколдорго кол коюлду. Алар Россиядан экспорттолот. Арасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү соода тармагындагы инвестиция боюнча кызматташууну тереңдетүү меморандуму бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Акыркы коңгуроо! Жол коопсуздугу кызматкерлери ата-энелерге кайрылды

Кыргызстандагы мектептерде эртең, 25-майда акыркы коңгуроо кагылат. Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылып, балдарын кароосуз калтырбоого чакырат. ЖКККББ айдоого укугу жок өспүрүмдөргө автоунаа бербөө керектигин баса белгилейт. Башкы максат жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат. Азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу […]

Сизге жагышы мүмкүн