Астанада Энергетика министрлигинин имаратынын алдына митингге чыгып, полиция тарабынан кармалган «БерАли Мангистау Компани» ишканасынын мурдагы кызматкерлери бошотулду. Алар Жаңы-Өзөн шаарына кайтып келишүүдө.
Алардын арыздарын укуктук чөйрөдө чечүү үчүн атайын жумушчу комиссия түзүү келишими түзүлгөн.
«Бул комиссиянын курамына «БерАли Мангыстау» компаниясынын экс-кызматкерлеринен 10 өкүл кирет»,-деп айтылат компаниянын маалыматында.
Дүйшөмбүдө Астанадагы Энергетика министрлигинин имаратынын жанына жаңыөзөндүк “БерАли Мангыстау” компаниясынын иштен бошотулган 150дөй жумушчусу чогулган. Алар “КазМунайГаз” жана “ӨзенМунайГаз” ишканасына ишке орноштурууну талап кылышкан. Аракеттерин жумушсуз калганы, тендерде фирмасы утулганы менен түшүндүрүшкөн.
Шейшемби күнү кечинде полиция жүздөн ашуун демонстранттарды кармады.
Казакстандын бир катар маалымат каражаттары шейшемби күнү Жаңы-Өзөндүн борбордук аянтына эки миңдей адам чогулуп, Астанада кармалган мунайчыларды бошотууну талап кылышканын кабарлашты.