Пекиндеги метролордун биринде саякат үчүн алакандын изин колдонуу менен төлөмдү киргизишти.
Даксинг эл аралык аэропортуна баруучу метро линиясында алаканга басылган жол кире пилоттук программасы башталды.
Бул үчүн метрого кирүүдөн мурда билет автоматына биометрикалык маалыматты киргизип, WeChat мессенджерине кирүү керек. Анда аялдамадагы турникетке колуңузду коюу жетиштүү болот.
Метродон чыккандан кийин акча автоматтык түрдө эсептен чыгарылат. Бул технология накталай акча жана смартфон жок болгон учурда да эч кандай көйгөйсүз саякаттоого мүмкүндүк берет.
Бишкекте эл аралык "One Run" марафону өтөт
Дүй Май 22 , 2023
Бишкекте эл аралык “One Run” жарым марафону өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, мелдеш 4-июнда болот. Анда 21, 1, 10 жана 5 чакырымга чуркоо каралган. Ошондой эле балдарга 1 чакырымдык жарыш уюштурулат. Иш-чара ден соолукту чыңдоо жана спортту жайылтуу максатында өткөрүлүүдө. Бул марафондун бир өзгөчөлүгү […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/fa43837a-703a-426a-b28c-b461bf997e38.JPG.850x445_q82_crop.jpg)