Мессинин алгачкы келишиминин тексти жазылган салфетка 900 миң еврого сатылды

Автор

Британиянын “Bonhams” аукционунун расмий сайты аргентиналык футболчу Лионель Мессинин испаниялык “Барселона” клубу менен түзгөн алгачкы келишиминин тексти жазылган салфетканын дээрлик 900 миң еврого сатылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчу алгачкы келишимине 13 жашында салфеткага кол койгону айтылат. Анын баасы 762 400 фунтка сатылды, бул болжол менен 889 781 еврону түзөт. Сатып алуучунун аты-жөнү айтыла элек.

Эске салсак, 2003-жылдан 2021-жылга чейин Лионель Месси “Барселонанын” жогорку даражасында ойноп, андан кийин Франциянын “Пари Сен-Жермен” футболдук клубуна өткөн.
Учурда Аргентина курама командасынын курамында учурдагы дүйнө чемпиону Түндүк Американын Интер Майами үчүн MLS лигасында ойнойт.

Бөлүшүү:
Next Post

21-майга карата аба ырайы

Эртең, 21-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас, Ош, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу […]

Сизге жагышы мүмкүн