Мектепке 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат

Автор

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо ушул жылдын 10-апрелинде эрте менен саат 09:00дө башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайсы этте эң көп, мите курттар болот?

Курамында паразиттер бар этти ар бир адам сатып ала алат. Ал тургай тооктун этинде гельминттер көп кездешет. Эгерде бир тоок, үй өрдөк же үндүк гельминт менен ооруп калса, анда инфекция бул чарбадагы бардык канаттууларда болот. Натыйжада эт буласы гана эмес, ички азыктар жана жумуртка да жабыркайт. Адамдын гельминттеринин инфекциясы инфекцияланган […]

Сизге жагышы мүмкүн