Медведев Украинанын жоголушу тууралуу билдирүүсүн немис тилинде жарыялады

Wp Pw

Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Польша менен Германиянын аудиториясы үчүн Украинанын жоголушу тууралуу билдирүүсүнө бөгөт койгондон кийин, бул жазуунун немис тилине котормосун Твиттерде жарыялады.
“Кечээ Твиттерде Украинанын эмне үчүн эч кимге кереги жок деген постумду чектөө тууралуу айтылды. Аны 14 миллион адам окуган. Германия менен Польшанын тургундары үчүн, сөз эркиндигин жана немис тилинде окугандардын укуктарын урматтап, дагы жарыялоону чечтим”,-деген.
8-апрелде Медведевдин Твиттердеги баракчасында “Украина эч кимге керек эмес, ошондуктан ал жок болот. Ал планетада болбойт”,-деген билдирүүсү жарыяланган.
Буга жооп катары социалдык тармактын колдонуучулары анын жаңы ээси Илон Маскты Россияга каршы санкцияларга баш ийбегени, орус лидерлеринин платформага кайра киришине жол бергени үчүн жемелешкен.

Next Post

15-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 15-апрелде түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.   Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.   Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.   Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 […]