1000ден ашык уюм Израилге карата геноцид дооматын колдоду

Автор

Дүйнө жүзүндөгү 1000ден ашуун саясий партиялар жана түрдүү уюмдар Израилди геноцид деп айыптаган Түштүк Африканы колдоого башка өлкөлөрдү чакырышты.
“Башка өлкөлөрдү бул катуу айтылган жана жүйөлүү даттанууну колдоо үчүн Эл аралык Сотко, ошондой эле Дүйнөлүк Сот деп аталган интервенцияга арыз берүү менен чакырабыз”,-деп айтылат билдирүүдө. Документте Израилдин Газа тилкесиндеги геноциддик аракеттерине, согуш кылмыштарына жана адамзатка каршы кылмыштарына олуттуу тынчсыздануу айтылат.
Түштүк Африка Эл аралык сотуна ХАМАС кыймылына каршы согушкан Израилди геноцидге айыптоо боюнча ишти баштоо үчүн арыз берди. Бир катар өлкөлөрдүн 800дөн ашык жарандык коом уюмдары жана бийликтери бул документти колдошту. Анда “Израилдин аракеттери жана аракетсиздиги геноциддик мүнөзгө ээ, анткени алар Газадагы палестиналыктарды жок кылуу максатында жасалган”,-деп айтылат. Мындан кийин Гаагадагы БУУнун сотунда доо арызды кароо башталды.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икиясы: Кечиримдүүлүк жөнүндө

Бир жолу студент даанышман аксакалга келип: – Кечиргенди кантип үйрөнсөм болот деп сурайт. – Эч качан башкаларды айыптап, сындабаңыз. Ошондо гана сага эч кимди кечирүүгө туура келбейт! Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн