Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында күндүн көйгөйү болуп жаткан суу тартыштыгы талкууланууда. Жыйында депутат Марлен Маматалиев “Суунун башында туруп, суунун жоктугу – бул биз үчүн кечирилгис нерсе. Мына, мөңгүлөр ээрибесе, эмне кылышыбыз керек деп отурабыз”, – деди. “Мен айтып коеюн, Бишкек шаардык мэриясы өкмөткө 2 жылдан бери суу кампасы үчүн жер сурап кайрылып жатыптыр. Бирок, өкмөт бүгүнкү күнгө чейин чечпей келатканынан суу жок болуп жатат”,- деп билдирди. “Мэрияга өкмөт 100 млн сом жана 4 жерден жер бөлүп берсе, суу көйгөйү бүтөт. Бул маселени биз карап чечишибиз керек. Мэрия чечпесе, өкмөт чечпесе, ушинтип жүрө бермек белек”,- деп айтты Марлен Маматалиев.
Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек?
Бей Июн 8 , 2023
Күн аябай ысыган убакытта мүмкүн болсо көлөкө жерде болуңуз, зарылдыгы жок болсо үйүңүздөн чыкпаганыңыз оң; Өзүңүздү ысыктан коргоонуу үчүн табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийген оң. Ал эми синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларын пайда кылат; Кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, бөлмө температурасындагы суюктук (2,5-3 литр) ичүү сунушталат, эң жакшысы […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/52d66289aef174a20a0f7fd03716c4db0706-1-1024x576.jpg)