reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 742.658 % -0.318
Соңку кабар
reklam
Google News

Макгрегор өзүн «UFC падышасымын» деп атады

Son Güncelleme :

29 июня 2023 - 9:08

reklam
Макгрегор өзүн «UFC падышасымын» деп атады
reklam

Ирландиялык аралаш мушташ боюнча (ММА) Конор Макгрегор өзүн Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) падышасы деп атады.

34 жаштагы спортчу: «Мен кандай салмак категориясына карабастан, түбөлүк рейтингдин падышасымын», — деди.

Буга чейин Макгрегор 2023-жылы октагонго кайтпай калышы мүмкүн экени белгилүү болгон. Ирландиялык спортчу Американын допингге каршы агенттигинин (USADA) тестирлөө иш-чараларына киргизилген эмес. Ал 180 күндүн ичинде милдеттүү допинг-тесттен өтпөй калса, беттешке катыша албайт.

Макгрегор акыркы жолу 2021-жылы жайында беттешип, америкалык Дастин Порьеге техникалык нокаут менен утулуп калган. Ирландиялыктын буту сынып, ал дагы эле айыгып жатат.

Белгилей кетсек, Макгрегор UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону. Жалпысынан ал 28 беттеш өткөрүп, анын 22синде жеңишке жетип, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.

reklam