Эртең  Асман шаарынын курулушу башталат

Автор

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап Асман экошаарынын курулушуна старт берет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.

Түз эфир 11:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инверсторлор салат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирген.

Анда мамлекет башчысы шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашарын, аянты 4 миң гектарды түзөрүн айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто 1,4 гектар аянтка логистикалык борбор курулат

Ош облусунун Кара-Суу районунда 1,4 гектар аянтка логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Министрлер кабинетинин чечими менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жерлер «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай багытындагы жерлер» категориясына которулду. Логистикалык борбордун курулушу регионго башка инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берип, жаңы […]

Сизге жагышы мүмкүн