Лионель Месси 36 жашта: Атактуу футболчу  тууралуу  фактылар

Автор

Ишемби күнү  аргентиналык футболчу Лионель Месси 36 жашын белгиледи. Жаңы эле америкалык “ клубуна өткөн  атактуу футболчу өз өлкөсүнүн курама командасынын тарыхындагы эң мыкты чабуулчу, ошондой эле эң көп маяна алган спортчулардын бири болуп калды.

1. Лионель дүйнөнүн төрт бурчунан келген көптөгөн балдардын кыялын ишке ашыра алган. Ал Росарио шаарында жөнөкөй жумушчу үй-бүлөдө төрөлгөн, бирок ал футбол менен алектенип, катуу машыгуунун аркасында таасирдүү натыйжаларды көрсөтө баштаган. Аргентинанын алдыңкы футбол клубдары аны 10 жашында байкашкан.

2. Лео 11 жашында ооруп калды. Дарыгерлер ага өсүү гормонунун жетишсиздиги диагнозун коюшкан, анын кесепетинен өнүгүү артта калган. Үй-бүлөдө дарыланууга акча жок болчу. “Барселона” клубу өспүрүмгө жардам колун сунду. Испаниялык команда баланын үй-бүлөсүн Европага көчүрүп, жаш спортчунун дарылануусуна кеткен чыгымды төлөп берген. Месси 13 жашынан баштап Барселонанын жаштар командасына кошулган.

3. Азыр Лионель Мессинин бою 170 см, убагында дарыланбаганда анын бою 140 смден араң ашмак.

4. Месси гол киргизсе, колун асманга көтөрөт. Спортчу ошол маалда анын футболго болгон каалоосун бала кезинен колдоп, машыгууга алып барган маркум чоң апасына ыраазычылык билдиргенин айтты.

5. Футбол талаасында шамдагайлыгы жана ылдамдыгы үчүн күйөрмандар футболчуга “Атом бүргөсү” деген лакап ат коюшкан.

6. Лионель Месси 31 жашын 2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу учурунда Аргентина курама командасы жайгашкан Москва облусунда белгиледи. Орусиядан келген футболчунун күйөрмандары ага сюрприз — толук көлөмдөгү торт түрүндөгү «дубл» даярдашты. Кондитердик азыктын салмагы 60 кг болгон.

7. Айрым маалыматтар боюнча, Лионель Месси дүйнөнүн эң бай футболчуларынын тизмесинде экинчи орунда турат. Ага караганда Криштиану Роналду гана көбүрөөк акча табат.

8. Лионель Месси жакшы футболчу гана эмес, жакшы адам. Ал өзүнүн атындагы кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. Фонд медициналык жардамга же билимге муктаж болгон жакыр балдарга жардам көрсөтөт.

9. Лионель Месси жубайы менен бала кезинен бери тааныш. Антонелла Рокуццо футболчунун досунун эжеси. Спортчу болочок жубайы менен 2009-жылы сүйлөшүп баштаса, түгөйлөр 2017-жылы баш кошушкан. Учурда алар үч баланы тарбиялап жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Денеси тоңдурулган адамдар жөнүндө эмне билесиз?

Бир күн кайрадан ойгонуу максатын көздөп, өзүн – өзү тоңдурткан адамдардын саны 250дөн ашты. Дүнүйөдө өзүн тоңдурткан алгачкы адам катары Жеймс Бедфорд 50 жылдан бери атайын даярдалган вакумда жатат.  Ал америкалык билим инсаны. Калифорния университетинде психология боюнча окуткан.  Өлгөндөн кийин денеси тоңдурулган алгачкы адам. Ал  1893-жылы АКШнын Массачусетс штатында туулган. […]

Сизге жагышы мүмкүн