reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.279.243 % -0.522
Соңку кабар
reklam
Google News

Ленин округу боюнча шайлоого канча каражат кетет? БШКнын жообу

Son Güncelleme :

01 апреля 2023 - 10:46

reklam
Ленин округу боюнча шайлоого канча каражат кетет? БШКнын жообу
reklam

Экс-депутат Жаныбек Абировдун ордуна Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 18,6 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШКнын чыгашасы шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды кошкондо 13,2 миллион сомду түзөт.  Ошондой эле 5,4 миллион сом бир округдук шайлоо комиссиясына жана 51 УШКга бөлүнөт.

Мындан тышкары, техникалык колдоо топторунун тартылган адистерине да төлөм каралган, алар 96 адам.

Күнү-түнү иштегенге байланыштуу аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнө, идентификация боюнча операторлорго, ошондой эле коопсуздукту жана тартипти камсыздоо үчүн тартылган ИИМ кызматкерлерине (102 адам) добуш берүү күнү жана анын мурунку күнү бир күнгө 500 сомдон тамактанууга суткалык чыгымдар төлөнүп берилет.

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган.

reklam