reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

Ленин округу боюнча депутаттык шайлоого үгүт иштери башталды

Son Güncelleme :

10 мая 2023 - 11:49

reklam
Ленин округу боюнча депутаттык шайлоого үгүт иштери башталды
reklam

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү 8-майда башталды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үгүт иштери 27-майда саат 08:00дө аяктайт.

Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат:

  • Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
  • Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
  • басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;
  • Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда;

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Шайлоого жалпы 32 талапкер катталды.

reklam