Лейлекте жашыруун диний билим берген мекеме аныкталды

Автор

Лейлек районундагы жашыруун диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан диний объекттердин ишине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Раззаков шаарындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте Баткен облусундагы «Ан-Нисаа» диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулду.
Аталган окуу борбору КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өтпөстөн, Лейлек районундагы аялдарга жана жашы жете элек өспүрүмдөргө диний сабактарды өткөргөндүгү аныкталды. Окуучулардын жалпы саны 60ка жакын аял болсо, анын 40ка жакыны жашы жете элек өспүрүмдөр.
Учурда бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Лейлек районунун ички иштер бөлүмү менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Окуу борборунан алынган диний адабияттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.
УКМК расмий каттоосу жок көмүскө иштеп жаткан ушул сыяктуу диний жайларга, билим берүү борборлоруна жана лекцияларга барбоо керектигин эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро-2024: УЕФАнын башчысы негизги фавориттерин атады

Европа футбол ассоциацияларынын биримдигинин (УЕФА) президенти Александр Чеферин Германия, Франция, Англия жана Португалия курама командаларын 2024-жылкы Европа чемпиондугунун фавориттери деп эсептей турганын билдирди. Германиядагы турнир 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт. Евронун учурдагы жеңүүчүсү Италия курамасы. «Мен буга чейин эле досторума айттым: Эмнеге экенин билбейм, бирок менимче, Германия акыркы жылдары абдан […]

Сизге жагышы мүмкүн