Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды

Автор

Түркиянын Элазык шаарында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын жана анын урматына орнотулган монументтин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Элазык шаарынын облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Белгиленгендей, иш-чара Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.
Долбоор Кыргызстандын жараны, Түркиянын Малатия шаарындагы Исмет Инону университетинин профессору Закир Азизов менен Элазыктагы “Манас” басмасынын башкы координатору Шенер Булут тарабынан демилгеленип, Элазык аймагынын губернаторлугунун жана шаар мэриясынын, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жана Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Абдиламит Матисаков “Бешик” (Аңгеме)

Билинбей он эки айдын бирине учкашып, отпусканын кезеги да келген экен. Барар жак менен бүтүрөр иштин чети оюлбаса да, айыл менен амандык сурашууну, көзү өткөн жерге көңүл айтып, келин алган үйгө тилек каалоону ыраак жүрсөк да ыймандын иши дедик. Көздүн жашындай болгон отуз күн а-бу дегиче ортосунан ооп, калааны көздөй […]

Сизге жагышы мүмкүн