Кытайлык ишкер Кыргызстандан 4 паспорт алган

Автор

Кечээ Горький атындагы сейил бакта Ялкун Абдуллаевге алданып калганбыз деген жарандар нааразычылык акциясына чыгышты. Анда өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдонуп, аталган кишини жоопко тартуу боюнча суранышты. Ялкун Абдуллаевдин бир эле мезгилде төрт паспорту бар экени, ал Бишкек шаарында 50 дөн ашык мүлккө ээлик кылаары, Алай, Чаткал райондорунда кен байлыктарды казып жатканы боюнча сөз болуп, укук коргоо органдарынан анын өзүнүн тактап берүү өтүнүчүн киргизишти. Белгилүү укук коргоочу Кеңеш Жумабаев жалпы чыгым 1 млн доллардан ашык экенин билдирип, Ялкун Абдуллаевди калкалап жаткан кимдир бирөөлөр бар экенин айтат. Ал эми жабырлануучу Кадырбек Бусурманкуловдун иниси Нурлан Бусурманкулов “биздин айрым депутаттар бул кишини колдоп, чай ичишип жүрөт. Атын айтканда ал депутат Тазабек Икрамов. Негизи эле сырттан келишип, биздин кен байлыктарга кол салыша береби? Инвесторлор жөнүндө мыйзам жок экен бизде”,- билдирди.
Ялкун Абдуллаев жөнүндө депутат Шайлообек Атазов да пленардык жыйында айтып чыгып, анын төрт паспорту бар экенин билдирип, укук коргоо органдары тез арада териштирүүсү керек деп белгилеген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Айбек Осмонов жумуш орундарын түзүүгө үгүттөдү

Ош шаарында “Кыргыз Текстил” ишканасы ачылып, кадимкидей жолго коюлган. Ал жерде миңден ашык жумуш орундары түзүлгөн. Оштун “Кең-Сай” деп аталган аймакты шаарчага айлантып, коллеж, дарылануучу пункт, мектеп жана бала бакчалар салынган. Ишчилер үчүн атайын жатаканасы да бар. Ишкер Нурбек Осмонов менен депутат Айбек Осмонов мындай үлкөн ишкананы ачып, кыргыз өндүрүшүн […]

Сизге жагышы мүмкүн