Кытайда жаңы үйлөнгөн жубайлардын саны өстү

Автор

2023-жылы Кытайда жаңы үйлөнгөндөрдүн саны бир жыл мурдагыга караганда 12,4 пайызга өсүп, он жылга созулган төмөндөө тенденциясын жокко чыгарды.
Кытайдын жарандык иштери боюнча министрлиги жарыялаган маалыматка караганда, жаңы үйлөнгөндөрдүн саны былтыр 7,68 миллионго жеткен. Бул 2022-жылга караганда 845 000 жупка көп.
Мындай көрсөткүч Кытайдын премьер-министри Ли Цян март айында Кытай өкмөтү төрөткө ыңгайлуу коом түзүүгө, калктын тең салмактуу өнүгүшүнө көмөктөшүүгө, бала тарбиялоого, билим берүүгө кеткен чыгымдарды кыскартууга убада бергенден кийин болду.
Кытай саясатчылары коом тез картаюу шартында экенин эскертип келет. Жакынкы он жылда 300 миллиондой кытайлык пенсияга чыгышы күтүлүүдө. Бул АКШнын бүт калкына барабар.

Бөлүшүү:
Next Post

Даават, митинг. Президент Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент Садыр Жапаров соцтармакта көп талкууланган даават жана митинг темаларына байланыштуу «Кабар» агенттигине маек берди. Маекти толугу менен беребиз: — Саламатсызбы! — Саламатчылык! — Садыр Нургожоевич, социалдык тармакта президент аалымдарды сабатсыз деди, дааватка каршы экен деп таарынгандар да болууда. Сиз кайсыл маселелер тууралуу айттыңыз эле? — Эптеп эле менин сөзүмдү […]

Сизге жагышы мүмкүн