Кыргыз калысына Гиннесс китебинин сертификаты тапшырылды

Автор

“Кыргызстан-Оман”  беттешинин алдында футзал боюнча ФИФАнын экс-рефери Нурдин Букуевге Гиннесстин рекорддор китебинин сертификаты расмий тапшырылды.

Сертификатты Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков тапшырды.

Нурдин Букуев калыстык кылган Дүйнөлүк чемпиондуктардын саны боюнча абсолюттук дүйнөлүк рекорддун ээси. Ал Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Калыстык кылган 4 Дүйнөлүк чемпиондук бар — Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021.

2021-жылы Букуев КФСнын башкы катчысы кызматын ээлеген.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК казынага 1 млрд 200 млн доллар кайтарды

“УКМК мамлекеттик казынага 1 миллиард 200 миллион доллар акчаны кайтарды”,- деп билдирди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Талас облусуна болгон иш сапары учурунда. Ал өзгөчө кызматтын кызматкерлерине жаңы салынган турак жайдын ачкычын тапшырып жатып, УКМК кызматкерлеринин эмгеги ат көтөргүс деп баалады. “Эгер Талас аймагы боюнча кандайдыр бир криминалдык элементтер баш көтөрүп, […]

Сизге жагышы мүмкүн