Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Египеттеги мелдеште алтын медаль багындырды

Автор

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.
Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Ал алгач франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен кармашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.
Жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 2:0 эсебинде утуп, финалга өттү.
Алтын үчүн кармашта кыргыз кызы кытайлык Сяоцзюнь Луону 3:2 эсебинде артта калтырып, турнирдин алтын медалына татыды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктар Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган үчүн эсепке 66,7 млн сом чогултту

Бүгүн, 25-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 66 млн 750 миң 204 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый […]

Сизге жагышы мүмкүн