Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи болуп Абдулазиз кары Закиров дайындалды

Автор

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайы өтүп, анда Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна бекитилди.
Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.
Ал 2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия Кубогу: Катар экинчи жолу Азия чемпиону болду

Катарда өтүп жаткан Азия Кубогу-2023 чемпионатынын финалдык оюнунда талаа ээлери Катар Иорданиянын курама командасын жеңип алды. Оюнда Катар курамасы пенальти аркылуу 3 гол киргизип, 3:1 эсебинде жеңишке жетип, экинчи жолу Азия чемпиону болду. Оюндун биринчи бөлүмүндө Катардын оюнчусу Акрам Афиф пенальтиден ( 21-мүннөттө) гол киргизип эсепти ачты. Иорданиянын оюнчусу оюндун […]

Сизге жагышы мүмкүн