reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргызстан менен Кытай 63 млн долларга эки сериал тартат

Son Güncelleme :

23 мая 2023 - 9:21

reklam
Кыргызстан менен Кытай 63 млн долларга эки сериал тартат
reklam

Кыргызстан менен Кытай “Жибек жолунун алыскы шамалы” жана “Бишкек сүйүүсү” аттуу эки сериалды  63 млн. долларга тартат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кытайлык эки компания менен Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги макулдашышты. Долбоорду Кытай тарап демилгелеген.

“Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd” компаниясы менен тартылуучу  “Жибек жолунун алыскы шамалы” сериалы 40 эпизоддон турат. Тасманы 2023-жылдын экинчи жарымында баштоо пландалууда (съёмка бүтүндөй өлкө боюнча, анын ичинде Казакстан жана Өзбекстанда да тартылат). Сериалдын бюджети 38 млн. долларды түзөт.

Ошондой эле, Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co.” компаниясы “Бишкек сүйүүсү” аттуу биргелешкен сериалды тартат. Долбоордун бюджети 25 млн. долларды түзөт.

reklam