Кыргызстандык дзюдочулар  Түркияда эл аралык  мелдешке катышат

Wp Pw

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турган “AntaIya Grand SIam” мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 31-марттан 2-апрелге чейин Анталия шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  1. Чыңгызхан Сагыналиев 73 кг;
  2. Ратбек Жуманазаров 81 кг;
  3. Анарбек Ишенбаев 90 кг:
  4. Аскарбек Ишенбаев 73 кг.

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Сергей Кладновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Next Post

Булекбаев ЖК депутаттыгына талапкерлигин көрсөттү

Борбордук шайлоо комиссиясына  № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкерден биринчи арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ  БШКга 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкер […]